“Facebook”ту сотко беришти

“Facebook”ту сотко беришти
20-Дек. 2018, Бейшемби, 13:18

АКШнын Вашингтон шаарынын башкы прокурору (Колумбия округу) “Facebook” компаниясын сотко берди. Сот процесси “Cambridge Analytica” компаниясынын “Facebook” колдонуучуларынын даректерин оңой кол жеткирүү ишин карайт.

Натыйжада компания алган маалыматтар 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына таасир этүү үчүн колдонулушу мүмкүн.

“Facebook өз колдонуучуларынын даректерин коргоогон эмес. Алардын жеке маалыматарына каалаган адам кол жеткире алган жана бул маалыматтар кандай колдонулгандыгы тууралуу алдады. “Facebook” компаниясы «Cambridge Analytica» жана башка компанияларга жеке даректерди колдонуучунун уруксаатысыз берген", -делет Вашингтондун генпрокурору Карла Расинага жазылган арызда.

Прокурор белгилегендей, сот процесси “Facebook” компаниясы колдануучулардын жашыруундулугун коргоого катыштуу өз убадаларын аткарууга мажбурлоого багытталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!