Дүйнөдөгү эң мыкты камерасы бар смартфон аныкталды

Дүйнөдөгү эң мыкты камерасы бар смартфон аныкталды
22-Дек. 2018, Ишемби, 12:17

Рейтингдин лидери “iPhone”дун жаңы смартфону эмес, кытайлык компаниянын смартфону болуп калды.

“DXO Mark” ресурсу эң мыкты камерага ээ смартфондордун рейтингин жарыялады. Биринчи орунда Кытайдын флагманы “Huawei - P20 Pro” ээ болду.

Экинчи орунда “iPhone Xs Max” турса, үчүнчү катарда “Xiaomi Mi MIX 3” кирген.

Андан ары төртунчү тепкичти “Samsung Galaxy Note 9”, “HTC U12+” жана “Нuawei P20” бөлүшүштү. Ал эми "бюджеттүү” “iPhone Xr” жана “Google Pixel 3” жыйынтык боюнча бешинчи орунду алышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!