«Samsung» Кытайда смартфон өндүрүүнү токтотту

«Samsung» Кытайда смартфон өндүрүүнү токтотту
24-Дек. 2018, Дүйшөмбү, 11:18

“Samsung” компаниясы Кытайда смартфон өндүрүшүн жабат. Жабуунун себеби - кореялык компаниянын мобильдик өнүмдөрүнө деген суроо-талаптын төмөндүгү. Бул тууралуу "South China Morning Post" маалымат булагы билдирет.

“Apple” өнүмдөрү менен салыштырганда, кореялык көрсөткүч 9 пайыздан 1 пайызга чейин болду. Басылыманын маалыматы боюнча, кытайлык завод жылына 26 миллион смартфон өндүргөн.

Ошенткен менен компания дүйнө боюнча өндүрүштү кыскартууну көздөбөйт. Бирок, ал базардагы үлүшүн айтарлыктай жоготуп алуусу ыктымал. Себеби анын атаандаштары “Huawei” жана “Xiaomi” акыркы убактарда күч алууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!