Телефон тиркемелери 2018-жылы 76 миллиард доллар табышкан

Телефон тиркемелери 2018-жылы 76 миллиард доллар табышкан
25-Дек. 2018, Шейшемби, 13:12

Программалык камсыздандыруу сектору жыл өткөн сайын өнүгүүдө. Өзгөчө телефондогу тиркемелерди саны артып, чоң ийгиликтерге жетүүдө. Мобилдик кошумчалардын жүктөлүү саны өткөн жыл менен салыштырмалуу 10 пайызга арткан.

Статистика боючна, 2018-жылы “Android” жана “App Store”дон 113 миллиардан ашык тиркеме жүктөгөн. Ошондой эл сатып алуулар бул жыл ичинде 76 миллиард долларды түзгөн.

Статистиканын жыйынтыгы боюнча, 2018-жылдын 1-январынан тартып, 2018-жылдын 15-декабрына чейин ички сатып алуулар негизинен мобилдик оюндар категориясында болгон. Мындар сырткары 2019-жылы бул цифра 122 миллиард долларга жетери күтүлүүдө.

Эң көп жүктөлгөн беш мобилдик оюн: “Helix Jump”, “Subway Surfers”, “PUBG Mobile”, “Free Fire” жана “Love Balls”.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!