Жаңы-жылга кандай белек алгыңыз келет?

Жаңы-жылга кандай белек алгыңыз келет?
29-Дек. 2018, Ишемби, 14:46

Смартфон азыркы күнгө чейин мыкты белек болуп саналат. Ошондой эле, тизмеде планшеттер, акылдуу сааттар, фитнес билериктер жана оюн консолу бар.

Эксперттер 10 миңден ашык россиялыктардан келе жаткан жылы кандай белек алгылары келээри тууралуу суроо узатышкан. Белектердин арасында эң алдыңкысы смартфон болду. Аны 68 пайыз адам алгысы келет экен. Сурамжылоого катышкандардын 24 пайызы мобилдик түзүмдү белеке беришмекчи.

Көптөгөн колдонуучулар жаңы смартфон (38%) же ноутбук (22%) түрүндө белек алгысы келишет. Ал эми респонденттердин бир азы планшет (10%), тагып ала турган электрониканы (10%) жана оюн приставкасын (8% ) каалашат. Акыркы орунда аудиоколонка (2%) жана гироскутеры (1%) турат. Эгер бренддер тууралуу кеп козгосок, анда 29 пайызы “iPhone”ду алгылары келсе, 21 пайызы “Samsung” смартфонун, ал эми 12 пайызы “Xiaomi” брендин жактырышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!