“Amazon” дүйнөдөгү эң кымбат компания аталды

“Amazon” дүйнөдөгү эң кымбат компания аталды
9-Янв. 2019, Шаршемби, 10:47

Интернет аркылуу товар сатуу менен алектенген америкалык “Amazon” компаниясы дүйнөдөгү эң кымбат компания аталды. Ал сатуу боюнча баардык атаандаштарынан 13 миллиард долларга озуп кеткенин “The Wall Street Journal” газетасы билдирет.

Белгилүү болгондой, соода-сатык сессиясында анын акциялары 2,7 пайызга өскөн, андан улам капитализациянын жалпы суммасы 797 миллиард доллар болгон. Ошол эле маалда “Microsoft”тун көрсөткүчү 784 миллиардды түздү. Ал эми тизмеде үчүнчү болуп 740 миллиард доллары менен “Alphabet” компаниясы орун алды.

Таң калычтуусу, бул лидерлердин арасыда “Apple” компаниясынын жоктугу. Жакында гана калган ири компаниялар менен тең тайлашып келе жаткан компаниянын акциялары 9 пайызга түшкөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!