Бир нече экраны бар смартфон чыкты

Бир нече экраны бар смартфон чыкты
12-Янв. 2019, Ишемби, 12:46

Лас-Вегаста өтүп жаткан эл аралык электроника көргөзмөсүндө кытайлык өндүрүчү “Nubia” өзгөчө смартфонду сунуштады.

“Nubia X” моделинде эки экран бар. Алгачкы жолу бул смартфон тууралуу 2018-жылы белгилүү болгон. Смартфондун сол жак экранынын диагоналы 6,26 дюйм, 2280х1080 пиксель, оң жагынынын диагоналы 5,1 дюйм, 1520х720 пикселди түзөт. Түзүмдүн 8 ядролук процессору, 8 Гбайт эс тутуму, 512 Гбайтка чейин флэш-эс тутуму бар.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!