Монакодо учуучу унааларды көрсөтүштү

24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Монакодо өтүп жаткан “Top Marques” көргөзмөсүндө учуучу унаалардын эки үлгүсү көрсөтүлдү. Бул тууралуу “Мероприятия” сайты билдирди.

Заманбап жаңычылдыктарды голландиялык “Pal V” жана словакиялык “AeroMobil” стартаппы алып чыгышкан. “Pal V Liberty” үлгүсү кат-кат болгон ротор менен жабдылып, сатыкка 2018-жылы гана чыга баштайт.

Фирма азыртан баштап тапшырыштарды кабыл ала баштады, бирок унаанын техникалык мүнөздөмөсү ачыкка чыга элек. Баасы жабдуусуна байланыштуу 299дон 599 миң еврого чейин өзгөрүлүп жатат.

“AeroMobil” эки кишилик унаанын жаратуучуларынын айтымында, ал жерде саатына 160 километрге, ал эми абада 200 километрге чейин ылдамдыкта уча алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!