“Facebook” журналистика тармагына 300 млн доллар инвестициялайт

“Facebook” журналистика тармагына 300 млн доллар инвестициялайт
17-Янв. 2019, Бейшемби, 10:27

“Facebook” социалдык желеси жергиликтүү журналисттик программаларга, тактап айтканда жергиликтүү жаңылыктар жоболоруна, шериктештерине жана контентке 300 млн инвестиция салууга ниеттенүүдө.

“Facebook” Пулитцердик борбор менен “Report for America” журналистик уюмдарын, ошондой эле жергиликтүү басылымаларды каржыламакчы.

«Биз журналисттер бизден көз каранды болгонун каалабайбыз, биз аларды колдогубуз келет», - деди “Facebook” маалымат шериктештигинин вице-президенти Кэмпбелл Браун.

Анын айтуусу боюнча, медиа индустриясы жаңы этапты баштан кечирип жатат жана журналистиканын келечеги кандай болорун эч ким билбейт, бирок “Facebook” өз инвестициялары менен мунун чечим издөөгө кошулгусу келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!