Бактериялардан электр энергиясын өндүрүү жолу табылды

Бактериялардан электр энергиясын өндүрүү жолу табылды
18-Янв. 2019, Жума, 14:03

Массачусетс технологиялык институтунун инженерлери электр энергиясын барынан жакшы өндүргөн бактерияларды тез арада аныктоонун ыкмасын тапты.

Жер астында, көлдүн түбундө же керек болсо сиздин ичегиңизде бактериялар жашоосунун ар бир мүнөтү үчүн жанталашып эмгектенип жатат. Анткени кычкылтек аз болгон жерде өмүр сүрүү бактериялар үчүн кыйын. Алар электр энергиясын аз көлөмдө өндүргөнү менен анын кубаты күчтүү.

Окумуштуулар тажрыйба жүргүзүп, аны өнүктүрүүңүн үстүндө. Ошол себептен жакынкы убакта микро организмдердин жардамы менен бардыгын - биомодификациялык денеден баштап аккумуляторго чейин кубаттоого мүмкүн болмокчу.

Бирок бул оңой боло койбойт. Бардык бактериялар электр энергиясын өндүргөнү менен алардын да араларында барынан көп кубат бергендер бар. Болгону аларды өстүрүү көп убакыт менен каражат талап кылат. Бактериялар өз организминин ичинде электрондорду өндүрүп, аны клеткадагы мембраналардагы кичинекей түтүктөр аркылуу айланага чыгарат. Бул процесс - "клетка түтүгүндөгү электронду ташымалдоо" деп аталат.

Буга чейин электр энергиясын өндүрүү жөндөмүн аныктоо үчүн окумуштуулар белоктун активдүүлүгүн өлчөп келишкен. Бирок бул өтө узак убакытты алат экен. “MIT” инженерлери мындан оңой жана тез аныктоо ыкмасын табышты. Ал үчүн кум сааты сыяктуу микрофлюидди түтүктүн ичиндеги бактериялардын түрлөрүнө чакан чыңалуунун колдонушат. Ал аркылуу электр энергиясынын кубатын аныктоого болот. Ушундайча, инженерлер азыр бактерияларды тандап, алардын шайкештигин текшерип жатышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды