Жаңы “Meizu” телефонунда бир дагы баскыч болбойт

Жаңы “Meizu” телефонунда бир дагы баскыч болбойт
25-Янв. 2019, Жума, 16:14

“Meizu” компаниясы жаңы “Zero” смартфонун сунуштады. Түзүмдүн өзгөчөлүгү смартфондо бир дагы баскычы жана тешиктин жоктугунда.

Уюлдук телефондун корпусу “Unibody” технологиясы боюнча керамикадан жасалган. Смартфондо, микрофон жана добуш чыгарууга арналган тешикчелердин да, манда изин сканерлөө да жок.

Телефондо эч кандай тешиктер жок болгондуктан зымсыз кубатточу каражатты колдоно аласыз. Добушту чоңойтуп жана акырындаткан баскыч сенсорго алмаштырылган. Наушникти жалаң гана “Bluetooth” аркылуу кошо аласыз. SIM-картанын ордуна “eSIM” орнотулган.

Азырынча компания “Zero” смартфонун базарга чыгарбай жатат. “Snapdragon 855” бир кристалдуу системасы кол жетимдүү болгондон кийин гана телефон колдонууга чыгат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!