“Apple” эми калдыктардан техника кураштырат

25-Апр. 2017, Шейшемби

“Apple” компаниясы эми калдык чийки затын иштетип чыгуучу өндүрүштү ишке кошмокчу. Компания азыркы кезде башка компаниялардан калдыктарды жыйнап жатат.

Ошону менен бирге “Apple” “Renew” долбоорунун алдында сатып алуучулар өздөрүнүн эски техникаларын өткөрө алашат. Компания смартфондорду сорттоп жана компоненттерин бөлүп турган “Liam” долбоорунун алдында иш алып барууда. Азыркы маалда ушундай эки конвейер ишин баштаган. Ар бири жылына 2,4 млн түзүмдөрдү өндүрө алат.

Компания бул калдыктардан смартфондорго, компьютерлерге керектүү компоненттерди жасап чыгарат. Ошондой эле калдыктардын курамындагы калай менен жез сыяктуу кымбат металдарды чыгарып алат.

Мындагы экинчи бир максат компаниянын жеткирүүчү заттарындагы калдыктарды азайтуу. 2015-жылы компания кесиптик калдыктарын 240 тоннага азайткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!