“Sony” “PlayStation 5” оюн приставкаларын бекер таратууда

“Sony” “PlayStation 5” оюн приставкаларын  бекер таратууда
2-Фев. 2019, Ишемби, 13:17

“Sony” компаниясы “PlayStation 5” оюн приставкаларын иштеп чыгуунун үстүндө активдүү иштеп жатат. Девкитерди (иштеп чыгуучуларга аппарат жыйнагы) оюн студияларына жөнөтүүдө. Бул тууралуу “Niko” оюн изилдөө компаниясынын аналитиги Дэниел Ахмад билдирди.

Девкитти алган иштеп чыгуучулар оюн приставкасы тууралуу жакгы пикир калтырышууда.

Дэниел мындан сырткары, “PlayStation 5” азыркы учурда активдүү түрдө эки эксклюзивдүү проект иштеп чыгууда деп маалымдады. Жана ошондой эле, жаңы муундагы оюндардын жеңил түрү “PlayStation 4”кө чыгат. Бирок “Sony” “PS4” версиясынан таптакыр баш тартып коюшу да мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР