“Google” корпорациясы “Google+” социалдык желесин жабуу чечимин кабыл алды. Сервис 2-апрелден тартып иштебей калат.
“Google+” социалдык желеси колдонуучулкардын бардык баракчалары, фото сүрөттөрү, видеолору өчүрүлөт.
Социалдык тармак кызматынын токтоп калышы
“Google”дын башка сервистерине таасир тийгизбейт. “Gmail”, “YouTube” жана “Google” карта сыяктуу сервистер менен байланыштуу “Google” эсептик жазуулары жумуш иштей берет.
Социалдык желе катары ачылган “Google+” эсептик жазуусу өчөт. Эл аралык корпорация "социалдык желени колдонучулардын өтө аздыгы жана аны колдонгондордун талабына шай деңгээлде кармап туруунун кыйындыгына байланышты" ушул сервистен баш тартарын маалымдады.
Аталган "кыйындык" ушул желе колдонучулардын жеке маалыматарынын "ашкереленише" байланыштуу болушу мүмкүн.
Аны компания 2018-жылдын март айында аныктаган, бирок алты ай боюу сыр бойдон сактап келген. Башында компания социалдык желени быйыл август айында жабууга чечим кабыл алган эле. Бирок, 2018-жылдын ноябрында коопсуздук системасынан табылган кемчилик аны тездетип жабууга себеп болду.