Жөө жүргүнчүлөргө "акылдуу" турникет

26-Апр. 2017, Шаршемби

Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдордун жээктеринде светофор жашыл күйгөн кезде гана ачылуучу турникет орнотулат. Бул тууралы Кытай эл аралык радиосу кабарлады.

Кытайдын Ухань провинциясында жөө жүргүнчүлөр кызыл түс жанган учурда жолдон өтүп, жол кырсыктарына кабылбоосу үчүн турникеттерди орнотууда. Ал эми ага карабай кызыл түс жанган учурда аны ашып өтүүгө аракет кылгандарды атайы камера тартып алып, анын жанындагы шылдыңдоо экранына сүрөтү чыгып калат.

Бир ачакей көчөнү мындай жабдуулар менен жабдуу үчүн 400 миң юань каражат керектелет. Азырынча бул тесттик режимде иш алып барууда.

Жолдоо жүргөн жүргүнчүлөрдөн эрежеге баш ийбей кызыл түскө деле өтө берүүсүнүн себебин билүү максатында сурамжылоолор өткөрүлгөн. Жыйынтыгында кызыл түс күйгөндө жолдон өткөн адамдардын саны 63,4 пайызды түзгөн. Аларды эмнеге мындай кылышат деген суроого “элдин баары кызыл түстө өтө беришет”, деп жооп узатышкан. Андан тышкары светофордогу өңдөр эмнени түшүндүрөөрүн билбегендер да бар экендиги белгилүү болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!