Жаңы “SAMSUNG GALAXY S10 5G” уюлдук телефону көрсөтүлөт

Жаңы “SAMSUNG GALAXY S10 5G” уюлдук телефону көрсөтүлөт
21-Фев. 2019, Бейшемби, 11:33

“GALAXY S10 5G” телефону уюлдук байланыштын акыркы чыккан моделине кирмекчи. Көлөмү боюнча башка уюлдук телефонго караганда абдан эле чоң.

Жаңы үлгүдөгү “Galaxy S10 5G” уюлдук телефону Сан-Францискодо көрсөтүлөт. Экрандын диаганалы 6,7 дюйм, аккумулятордун көлөмү 4500 мач. Аталган телефон параметри боюнча башкаларга салыштырмалуу абдан эле чоң. Анын артыкчылыгы Wi-Fi түзүмүсүз эле өзү оор видеолорду жүктөө мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Ал “S10” уюлдук телефонуна салыштырмалуу видео тартып жаткан учурда тунук эмес кылган функцияга ээ. Качан сатыкка чыга тургандыгы азырынча белгисиз. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, ушул жайда АКШда сатыкка чыга тургандыгы айтылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!