Дүйнөдөгү эң кичине ноутбук пайда болду (видео)

Дүйнөдөгү эң кичине ноутбук пайда болду (видео)
22-Фев. 2019, Жума, 17:06

Кытайдын “GPD” компаниясы дүйнөдөгү эң кичине ноутбукту ойлоп тапты. Ал болгону 299 доллар турат. Ал өзүнүн кичине болгон көлөмүнө карабай Windows 10 Pro, Linux Ubuntu системасындай жумуш аткарат.

Ноутбуктун аты “GPD MicroPC” деп аталат. Анын туурасы 23,5 мм, салмагы 440 граммды түзөт. Аталган ноутбукту сиз бүктөп чөнтөгүңүзгө деле салып алсаңыз болот. Дисплейи 6 дюйм. Ноутбуктун кубаты сегиз саатка чейин жетип, бардык офистик иш кагаздардан баштап, медиафайлдардын функциясын аткарат.

Технолог адистери аталган ноутбукт ушул жайында сатыкка чыга тургандыгын айтууда. Ошондой эле, сатыкка чыкканданкийин баасы бара-бара кымбаттай тургандыгын эскертип өттү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!