Huawei компаниясы жаңы "Mate X" смартфонун тартуулады

 Huawei компаниясы жаңы
25-Фев. 2019, Дүйшөмбү, 12:08

“MWC 2019” көргөзмөсүндө Huawei компаниясы өзүнүн жаңы үлгүдөгү «Mate X” аттуу смартфонун тартуулады. Аталган смартфондун өзгөчөлүгү бир эле учурда уюлдук телефон жана планшет катары колдонууга болот.

“Mate X 5G” уюлдук телефону менен сиз интернет аркылуу видеону ылдам жүктөй аласыз. Уюлдук телефондун жоондугу 11мм жана өтө ичке дисплей экранына ээ. Анын башка уюлдук телефондордон дагы бир өзгөчөлүгү 30 мүнөттүн ичинде кубаттулугун толтурууга ээ.

Эксперттердин айтымында: “Mate X" уюлдук телефону 5G тармагындагы дүйнөдөгү алгачкы ачылып жабылган смартфон болуп саналат”.

Жаңы “Mate X” смартфону ушул жылдын ортолугунда баштапкы баасы 1980 доллар менен сатыкка чыгат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!