Жаңы "Xiaomi Mi Band 4" браслетинин өзгөчөлүгү кандай?

Жаңы
26-Март 2019, Шейшемби, 10:55

Жаңы "Xiaomi Mi Band 4" фитнес-браслети жакында чыкмакчы. Анын өзгөчөлүгү кандай?

Кичинекей гаджет көп функцияны аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал:баскан кадамды эсептөө, убакты саатында ойготуу, тамырдын согушун өлчөө, мүлкттү төлөө жана каттарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Жаңы чыгып жаткан "Xiaomi Mi Band 4" браслетинин дагы башка өзгөчөлүгү, ал эч кандай байланышы жок эле төлөө функцияларын аткаруу жана бардыгында колдонулуучу Bluetooth 5.0 менен чыгат. Муну менен кошо ЭКГ тартуу функциясын дагы аткарат.

Эксперттердин айтымында, аталган браслеттин аккумулятору 20 күнгө жетет. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, бул браслеттер жай айында чыга тургандыгы пландалып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР