Интернеттин ылдамдыгын жакшыртуучу факторлор

Интернеттин ылдамдыгын жакшыртуучу факторлор
9-Апр. 2019, Шейшемби, 15:02

Интернеттин жай иштеп калуусуна көптөгөн факторлор таасир этиши мүмкүн. Ага роутерден баштап, түрдүү программалар себеп болот.

Интернеттин ылдамдыгын жогорулатуу үчүн, анын ичиндеги браузерлердин кешин тазалоо кажет. Тагыраак айтканда, акыркы версиядагы браузерди көчүрүп алуу керек. Сиздин компьютериңизде антивирустук программа дагы сөзсүз болушу шарт. Компьютер турган үстөлүңүздүн айланасы дагы таза болуш керек. Ар кандай программаларды жүктөй берген дагы болбойт.

Роутерди колдон келсе бийик жерге койгон жакшы. Роутерди терезенин четине койсоңуз, интернет сигналдары маңдайдагы үйлөргө кетип калышы мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!