“Xiaomi” сааттары кубаттандырылбай иштейт

3-Май 2017, Шаршемби

“Xiaomi” компаниясы “Weloop Hey 3S” аттуу акылдуу саттары менен тааныштырды. Анын өзгөчөлүгү көп убакыт кубаттандырылбастан жана 50 метр тереңдикте да суу кирбей иштей берет. Сааттын салмагы 38 грамм жана 30 күнгө жетиштүү кубаттуулук батерейкасы менен жабдылган. Саат 1,28-дюймалык дисплей, Memory LCD 176 x 176 пикселге ээ, GPS жана GLONASS модулу менен жүрөктүн согуусун өлчөөчү датчик орнотулган, Bluetooth 4.2 менен жабдылган.

Ошондой эле жөө жана велосипед менен жүргөн маалда канча чакырым аралыкты басып өткөнүңүздү көрсөтүп турат. Ал уйкунун сапатын текшерүүгө алат, кирүүчү чалууларга жана билдирүүлөрдү көзөмөлдөп, пландаштырылган иш-чаралар жөнүндө билдирет. Топтом магниттик заряддоо түзүлүшүн камтыйт.

“Weloop Hey 3S” саатынын боосу колдун териси менен минималдуу жакындыкта болуп тердеп кетүүгө алып келбейт. Өндүрүүчүсү GPS окуу режиминде аккумулятордун 30 күн же 25 саатка чейин иштөөсүнө кепилдик берет. “Smart” сааттары уюлдук телефондогу маалыматтардын тиркемелерин жана эскертмелерин көрсөтуп турат.

“Weloop Hey 3S” 80 доллардан сатылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!