Адамдын мээсин интернетке туташтыруу системасы ишке ашат

 Адамдын мээсин интернетке туташтыруу системасы ишке ашат
17-Апр. 2019, Шаршемби, 15:45

Окумуштуулардын акыркы изилдөөлөрү боюнча, адамдын мээсин түздөн-түз интернет менен байланыштыруу мүмкүн экендигин айтышты. Бул нерсе он жыл аралыгында иш жүзүнө ашуусу мүмкүн.

Изилдөөчү Роберттин айтымында: “Алар адамдардын мээисинен орун алган нейрондорго нанороботторду жайгаштыруу менен интернет менен түздөн-түз туташууга боло тургандыгын айтты”. Колдонулуучу нанороботтор адамдын мээсине кан аркылуу орноштурулат жана ал автоматтык түрдө иштеп баштайт. Нанороботтор маалыматтарды туташмасы жок эле сактап калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Муну менен бирге алар маалымат топтоо өзгөчөлүгүнө ээ болуу менен бирге, адамдын мээсинин өсүп-өнүгүүсүнө салым дагы кошо алышат. Аталган система “BrainNet” деп аталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!