“YOUTUBE” сервисине чыккан алгачкы видеого 14 жыл болду (видео)

“YOUTUBE” сервисине чыккан алгачкы видеого 14 жыл болду (видео)
24-Апр. 2019, Шаршемби, 15:48

Мындан 14 жыл мурун 2005-жылдын 23-апрелинде “YOUTUBE” сервисине алгачкылардан болуп видео киргизилген.

"Me at the zoo" (Мен зоопарктамын) деп аталган ролик 18 секундду түзөт. Аны Джавед Карим аттуу бала тартып, жүктөп киргизген. Сан-Диаго зоопаркында тартылган видеодо Карим өзү туруп, пилдер боюнча окуяны баяндап берген. Каримдин оператору анын досу Яков Лапицкий аттуу бала болгон.

2019-жылдын 23-апрелине чейин ал видеону 66 миллиондон ашууна интернет колдонуучулар көргөн. Аталган видео 1,8 миллион лайк жана 66 миң адам ага каршы баскычты колдонгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!