Браслеттер ЭКГ сенсору менен жабдылды

4-Май 2017, Бейшемби

“Amazfit Health Band” 0.42-дюймалык OLED-дисплейине ээ болуп жана арткы бетине электроддордон сырткары ЭКГ-датчиктери орнотулган. Ал кадимки эле оптикалуу кан басымдуу өлчөөчү курал.

Ал бир күн бою жүрөктүн согушун өлчөп гана койбостон анын мониторинг да жүргүзүп турат (HRV көрсөткүчүн). Бул түзүм 10 жыл мурда болчу журөк кан тамыр ооруларындагы оорулар туурасында да алдын ала кабар берет. Ден соолукту чыңдоо үчүн өзүңүзгө ылайык келген программаны тандап алсаңыз болот. Бирок ойлоп табуучулар мунун баарын кытай тилинен котороору белгисиз. Ошондой эле система жөө жүрүштөрдү санап жана уйку боюнча мониторинг жүргүзүп турат.

Электрокардиограмма аркылуу өлчөө, көз менен сканнерлөө сыяктуу болот бирок, ал азырынча тесттик режимде гана иштеп баштады. "Amazfit Health Band” чоюлгуч боосу суу жана чаңдан IP67 стандартында корголуп турат. 95 мАч деңгээлиндеги аккумулятор 7 күн бою тынымсыз иштейт жана анын кара, көк, сары өңдөрү чыгарылууда. Азыркы күндө анын баасы 102 доллар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!