Дүйнөдөгү эң кичинекей 4G-смартфон

10-Май 2017, Шаршемби

Краудфандинг платформасындагы “Kickstarter” 2.45-дюймдук экран менен Android-мобилдик бөлүкчөлөрүн чыгарууну каржылаган. “Jelly” - тартма батарея, “MicroSD”-уячасынын менен жабдылган “Android 7.0” операциялык системасы иштейт жана эки SIM-карталуу.

Өнөктүктүн аякташына бир айдан ашык убакыт бар болгону менен кытайлык “Unihertz” өндүрүштү чыгаруу үчүн зарыл болгон бардык каражаттарды чогулткан. Баштапкы модель 69 долларга бааланат, “Jelly Pro” (кош оперативдүү флеш-диск) - 95 долларга чейин. Түзүмдү сатыкка чыгаруу иштери август айларына пландаштырылууда.

Түзүм 4-ядролук негизги процессор менен жабдылган, сенсордук (240х432 пиксел), 1 же 2 гб оперативдүү эс тутум, 16/32 ГБ ички эс тутум, батареянын кубаттуулугу 950 мАч, Wi-Fi (802.11 а / б / г / л), Bluetooth 4.0 жана GPS менен жабдылган. Ошондой эле жеткиликтүү 4G-модуль (LTE), жана эки камера: 2-мегапикселдүү алдыңкы жана 8-мегапикселдүү арткы камера орнотулган.

Өндүрүүчү “Jelly” батареялары үч күн бою иштей берет. Аппараттын ээлери “Google Play” дүкөндөрүнө кирүүгө жана андагы колдонмолорду көчүрүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Мындан тышкары, бул жаңы түзүм (өлчөмү - 91,44 х 43.18 х 12,7 мм) чөнтөккө оңой батат.

Маалымат булагы:PCMag

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!