“Apple” “Beddit” компаниясын сатып алды

11-Май 2017, Бейшемби

“Apple” финляндиялык “Beddit” компаниясын сатып алды. Бул компания адамдар уктап жаткан маалда автоматтык түрдө түш көрүү фазаларын жана башка маанилүү белгилердин этаптарын байкоо салган аппарат чыгарат. Бул туралуу "TechCrunch” агентигине шилтеме берүү менен “RNS” маалымат порталы билдирди.

Эң алгач “CNBC” маалымат берген, андан кийин гана “Beddit” компаниясы бул тууралуу маалыматты тастыктады.

Финляндиялык компания он жыл ичинде инвесторлордон болжол менен 3,5 млн долларлык салым чогулта алган. Компаниянын акыркы өндүрүшү болгон ойлоп табуу- “Beddit 3”.Аны уктап жатканда төшөкө жайгаштыруу керек. Сенсорлор уйкунун узактыгын, сапатын, тамырдын кагышын, дем алуу, дене температурасын, кыймылын, коңурук тартуусун, бөлмө температурасы жана нымдуулугу жөнүндө маалыматтарды берет. Алынган сандарды анализдеп чыгып, түзмөк уйкунун сапатын нормалдаштыруу боюнча колдонуучуга кеңеш берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!