Эң белгилүү тиркеме жана оюндардын аты аталды

Эң белгилүү тиркеме жана оюндардын аты аталды
8-Июль 2019, Дүйшөмбү, 11:12

“Sensortower” сервисинин адистери эң көп жүктөлгөн тиркеме жана оюндардын атын атады. Бул тууралуу алар өздөрүнүн сайтына жарыялаган.

Жыйынтыгында “Андроид” смартфондоунда киреше 41,9 миллиард долларды түзсө, “iOS” гаджетинде 14,8 миллиард долларды түзгөн.

“App Store” жана “Google Play” тиркемелеринде эң көп жүктөлгөндөр WhatsApp, Facebook Messenger, Facebook, TikTok жана Instagram программалары түзгөн.

Ал эми оюндардын арасынан Color Bump 3D, GarenaFreeFire жана PUBGMobile оюндары алдыңкы сапка чыкты.

Муну менен бирге эң кирешелүү тиркемелердин катарын “Tinder” сервиси толуктаган. Ал жарым жылдын ичинде эле жарым миллиард доллар киреше тапкан. Экинчи орунда “Netflix” кинотеатры турса, үчүнчү орунда кытайлардын “Tencent Video” сервиси турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР