Кытай Марс планетасына жол ачууну пландап жатат

Кытай Марс планетасына жол ачууну пландап жатат
9-Июль 2019, Шейшемби, 13:11

Кытай өлкөсү өздөрүнүн алгачкы Марс планетасына болгон изилдөө иштерин баштамакчы. Тагыраак айтканда, 2020-жылдын август айынан тарта «Чанчжэн-5» ракетасынын жардамы атайын аппарат «Вэньчан» космодромунан учурулат.

Пландар боюнча, аталган аппарат Марс планетасын бир нече ирет айланууну пландоодо. Ал арада кытайлык окумуштуулар Марстагы атмосфераны, географиялык абалды, магниттикталаанын өзгөчөлүктөрүн жана климаттык абалды изилдейт.

Окумуштуулардын эң негизги максаты: “Адамдар Марска жашай алабы”,- деген суроонун тегерегинде иш алып бармакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР