Унаалардын эмблемалары эмнени түшүндүрөт?

18-Май 2017, Бейшемби

Белгилүү болгондой бүгүнкү күндө туура бренд бизнесте көптөгөн көйгөйлөрдү чечет. Компаниянын аталышы же бренд сөзсүз кардарлардын күтүүлөрүнө ылайык келүүсү керек. Бул эреже унаа дүйнөсүндө да иштейт себеби, көптөгөн кардарлар машинанын куюлушкан ысымы үчүн тиги же бул бренд деп тандап алышат.

Европалык бренддер

Европада унаа белгилери жана алардын аттары абдан маанилүү болуп саналат. Америкалыктар ыйгарган ысымдарга эркиндик бере алса, ал эми европалык корпорациялар бул мүмкүн эмес.

Алардын арасынан абдан мукам жана кызыктуу аталыштагы брэнддер деп төмөнкүлөрдү белгилеп кетсек:

“Audi”

Төрт тоголок шакек бренд төрт компаниялардын негиздөөчүлөрүнүн (Audi, Horch, Wanderer жана DKW) түбөлүк өнөктөштүгүн түшүндүрөт. Аты латын тилинен алынган. Эркин которулган сөз, башкача айтканда "кулак", "ук" дегенди билдирет.


“BMW”

Бренддин негизги белгиси үчүн Бавариянын желегинин эмблемасы кабыл алынган. Кээ бир этимология булактарында бул “түбөлүк айланып турчу учактын желдеткичи” белгиси катары сүрөттөлөт. Ал эми аталышы “Bayerische MotorenWerke” заводунун кыскартылган аты болуп саналат.

Buick

Британиянын кымбат унаалардын өндүрүүчүлөрү сыймыктануу менен маңдайкы торчодо үч гербинин сүрөтү түшүрүлгөн. Бул компаниянын негиздөөчүлөрү, шотландиялык Бьюик үй-бүлөсүнүн герб символун билдирет.


Citroen

Франсуз корпорациясы Андре Ситроен тарабынан өткөн кылымдын башында негизделип, ушул күнгө чейин атын алып жүрөт. Ошондой эле “тиштери спиралдай дөңгөлөк” эмблемасы француз инженериясынын биринчи жетишкендиктерин чагылдырат.

Ferrari

Италиялык компания дагы негиздөөчүсүнүн урматына аталган. Эмблеманын негизин легендарлуу аскер учкуч атасынан мураска калган сүрөтчөнүн “значок” сөлөкөтү болуп калган. Атасы учкан учактын бортунда арткы буттары менен турган кара аттын сүрөтү болгон.

Mercedes

Легендага айланган Германиянын брендди баарына белгилүү. 1900-жылы “Daimler-Benz” компаниясы сатып алган Эмиль Йеллинек заводду сүйүктүү кызы урматына атаган. Легендарлуу үч чекиттүү жылдыздын келип чыгышы эң жөнөкөй. Аны “Даймлер” куттуктоо баракчаларына компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири тартып түшүргөн. Бүгүнкү күндө үч жылдыз "жерде, сууда жана абада" деген маанини түшүндүрөт.

Volkswagen

Немис тилинен которулган "Элдик унаа" атынын алгачкы эки тамгасынан “VW” алынган эмблема. Логотибдин бул тамгалары дүйнөгө таанымал бренддердин бирин түзөт.



Япон бренддери - катаал жана жөнөкөй

Япон маркетинги өзгөчө чыгармачыл жөндөмдүүлүккө ээ болгон эмес. Аларда баары жөнөкөй жана түшүнүктүү болуп саналат. Машиналардын маркасы жана алардын белгилери да бул чындыкты кабыл алышкан. Дүйнө жүзү боюнча белгилүү япон бренддер унаа рыногунда ар бири аталышы, сапаты үчүн уламышка айланды.

Алардын ичинде:

Infinity

Компаниясынын аталышы англис тилинен которгондо "чексиз" же "түбөлүк" дегенди түшүндүрүп, анын улуу мүдөөлөрүн эске салса керек. Жөнөкөй логотип, чынында, чексиздикке чейин баруучу жолду билдирет.

Lexus

Компания “Toyota” бийик бренд үчүн узак убакыт бою аты издеп жүрүптүр. "Lexus" деген сөз асем жашоо менен байланышкан бир жагымдуу аталыш (luxury - кымбат) болуп чыкты. Бул логотип ушунчалык жөнөкөй болгондуктан, ойлоп табуу кыйын жана оор болгон.

Mazda

Бул япон компаниясы бардык япон унааларынын ичинен татаал эмблеманын ээси болуп саналат. Анын түшүндүрмөсүн кээ бири шакекчедеги хромдолгон канаттар ийгиликке карай учууну билдирет десе, башкалары күн белгиси эмблемасы деп аташат. Ал эми компания болсо логотиптин негизин “М” тамгасы алынган деп билдиришет. Тузүлгөндөн бери бул лого бир нече жолу өзгөргөн жана анын акыркы редакторлугу өткөн он жылдыктын аягында жарыяланган.

Mitsubishi

Япон тилинен которгондо компаниянын аты "үч бриллиант" дегенди билдирет. Дизайнерлерлик чебердик компаниянын негиздөөчүсү Кайота Ивасакинин үй-бүлөлүк герби менен корпорациянын логотибин бириктирип бул эмблеманы чагылдырышкан.

Toyota

Абдан белгилүү япон унаа бренд куруучуларынын бири “Toyoda”нын атынан аталып калган. Компаниянын логотиби өтө жөнөкөй - бул ар кайсы бурчтан үч шакекти бириктирген ааламды билдирет. Бул унаа дүйнөсүндөгү аз үч өлчөмдүү эмблеманын бири болуп саналат.

Nissan

Компаниянын логосунун негиндеги тегерек күндүн символу болсо ал эми тик бурчтукта бренддин аты жазылган сөз – асманды түшүндүрөт. Япон этимологиясы татаал болуп саналат себеби күн абдан көп нерсени билдирет.

Honda

Бул жерде баардыгы өтө жөнөкөй. Компания негиздөөчүнүн ысымын алып, ал эми биринчи тамгада бренддин биринчи тамгасы жазылган.

Америкалыктардын белгиси - ийгиликтин жана жетекчилити билдирет

Америкалыктар ондогон жоромолдорду татаал наамдарды ойлоп табууну көздөшөт. Америкалык унаа бренддер арасында:

Cadillac

Унаанын негизги белгисин 18 кылымдын франсуз аскери– Антуана Кадиллактын герби алынган. Ал Детройт шаарын негиздеген жана ал жакта компаниянын көптөгөн өнөр жайы орун алган.

Chevrolet

“General Motors”тун дагы бир унаа өндүрүмү өз логотибин кадимки көпөлөк галстуктарынан алган. Америкада ал байлык жана ак сөөк адамдардын белгиси катары тушундурүлөт. “Chevrolet” АКШда кымбат балуу унаалардын классына кирет.

Dodge

“Кызыл койдун” сүрөтү тушүрүлгөн белги унаанын негиздөөчүсү тарабынан ойлонуп табылган. Себеби Американын рыногунда “Dodge” унаалары жүк ташуучу жана пикап катары колдонулгандыктан бул жаныбардын сүрөтү түшүрүлгөнүн түшүндүрөт. Компаниянын жарнамаларында кызыл жазуу менен «Dodge – кой сыяктуу кежир)”,- деген жазуу өтөт.

Lincoln

“Lincoln” компаниясынын логотиби – бул компастын дүйнөнүн төрт тарабын көрсөтүп турган белгиси. Мындай жол менен компания дүйнөнүн чар тарабын багындырууну каалаганын түшүндүргөн. Кандайдыр бир деңгээлде андай ийгиликке жетишти.

Ford

Байыркы маркалардын биринин логотиби америкалык унаа индустриясындагы жөнөкөй белгилердин бири. Көк түстөгү фонго жазылган «Ford» сөзү гана. Ал 1926-жылдан бери эч өзгөрүүсүз калып келет. Компаниянын дизайнери тарабынан ойлонуп табылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!