Инстаграмдан 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлдү

Инстаграмдан 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлдү
14-Ноя. 2019, Бейшемби, 13:11

Facebook компаниясы алгачкы жолу Instagram тиркемесиндеги публикациядардын өчүрүлүшү тууралуу маалымат таратты. Бул боюнча аталган компаниянын социалдык тармактын эрежелерин бузган контенттерди өчүрүү тууралуу маалыматында айтылды.

Апрель-сентябрь айларында Инстаграммдан жалпысынан социалдык тармактын саясатын (эрежесин) бузган 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлгөн.

Маалымат боюнча аталган посттор колдонуучулар тарабынан келген даттануулардан улам өчүрүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!