“Sony” смартфондору-тарыхтагы курч экран сатыкта

29-Май 2017, Дүйшөмбү

“Sony” компаниясы “Xperia XZ Premium” смартфондорунун флагмандарын Россияда сатыкка чыгара баштайт. Жаңы смартфондордун негизги өзгөчөлүктөрү-бул 5,5 дюймдук 4K дисплейлери жана алдыңкы эң жай ылдамдыкта тартууга ээ “Motion Eye” камерасы.

“XZ Premium” фотодатчиги секундасына видеону 960 кадрда тартып, анан аны кайра “slow-motion” режимде жай кыймыл менен ойнотот. Башка түзүмдөргө караганда төрт эсе жай көрсөтөт деп ырасташат.

“Motion Eye” дагы бир артыкчылыгы — ыкчам кыймылдаган объектерди колдонуучу тартуу баскычын баса электе тарта баштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!