“iPhone”дон принтер-приставка сүрөттөрдү чыгарат

31-Май 2017, Шаршемби

“Prynt” стартабы “Prynt Pocket” "Гарри Поттердегидей" сүрөттөрдөгү көрүнүштөр жылып тургандай мобилдүү принтер чыгарышты. Сүрөт өзү статикалык, бирок кошумча функциясы смартфондун камерасы менен сүрөттөрдү "жандуу" кылууга мүмкүндүк берет.

Сүрөттү басып чыгаруу үчүн, колдонуучу бир сүрөттү тартып, ошондой эле анын жандуу анимацияланган нускасын (мисалы, “iPhone”догу тойлордун же башка кыска метраждуу сүрөтү болушу мүмкүн) “Prynt” тиркемесинде тандоо керек. Андан ары файл"булутка" жиберилет да сүрөттүн бир версиясы автоматтык түрдө башкасынын үстүнө курулат,

“Prynt” программасы бар колдонуучунун смартфонунун экранында "жандуу" сүрөттүн нускасын көрсөтүп турат.

АКШда “Prynt Pocket” 150 долларга сатылууда. “TechCrunch” компаниясы билдиргендей мини-принтер жакшы сапаттагы сүрөттөрдү чыгарат, бирок “Polaroid”ден начар.

Кээ бир сүрөттөр күлкүлүү сезилет, бирок “Prynt” AR-функциясындагы өтө жогорку ылдамдыкта басып чыгаруусу жана колдонууда жеңилдиги менен өзүнө тартып турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!