Кредит картанын көлөмүндөй компьютер

2-Июнь 2017, Жума

“Intel” компаниясы “Compute Card” менен байланыштуу маалыматтар менен бөлүштү. Ультракомпактуу компьютер сырткы көрүнүшү менен USB-аккумуляторду элестетет. "Чөнтөк" аппараты ушул жылдын январь айында сунушталган, ал эми Тайбейдеги “Computex” көргөзмөсүндө өндүрүүчү кол жетимдүү конфигурациялары тууралуу тааныштырды.“Compute Card” га ар түрдүү процессорлорду орнотууга болот. Үлгүсүнө жараша кичинекей компьютер 4 гигабайт оперативдүү эс тутумга “DDR3” ээ. Мындан сырткары “Wireless-AC 7265” же болбосо 8265 (с Bluetooth 4.2), ошондой эле топтоочу 64 ГБ өлчөмдөгү “eMMC” же болбосо 128 ГБ өлчөмдөгү “SSD” менен жабдылган.

“Compute Card” курулай убаракерчилик: USB-порт, miniDisplayPort, HDMI жана Etherne менен док-станцияга туташканда гана толук кандуу компьютер болуп саналат. Ал ошондой эле монитор, клавиатура жана башка жабдыктар байланыштырууга мүмкүн эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!