«APPLE» компаниясы айнектен компьютер жасайт

«APPLE» компаниясы айнектен компьютер жасайт
28-Янв. 2020, Шейшемби, 06:31

Дүйнөнү дүнгүрөткөн “APPLE” компаниясы “iMac” компьютерин жасоо үчүн патент алууга керектүү документтерди тапшырды. Бул тууралуу “The Verge” агенттиги кабарлады.

Тагыраак айтканда комьютердин экраны жана клавиатурасы айнектен болот. Маалыматка ылайык, патентке 2019-жылдын майында тапшырылган.

Анда экран жана клавиатура бүктөлмө панель боло тургандыгы айтылат. Албетте, адистер учурда анын кандай боло тургандыгы боюнча катуу ойлонуп жаткан учур.

Анткени “APPLE” компаниясы буга чейин дисплей жана клавиатурага бир убакытта айнек колдонуп көргөн эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР