Кытай өлкөсүнүн Ухань шаарында пайда болгон коронавируска байланыштуу, смартфондорго дагы түздөн-түз терс таасирин тийгизди.

Тагыраак айтканда, Кытайлардын “Huawei” жана Түштүк Кореялыктардын “Samsung” сыяктуу компаниялар киреше тармагында артка кетти.

“Биздин сатуу кирешебиз абдан жай өнүгүп жатат биз ойлогондон дагы. Ошондуктан ушул жылдын март айындагы көрсөткүчүбүз абдан эле төмөн болот”,-деп билдирди “Apple” компаниясы.

Алардын 2020-жылдын алгачкы кварталында түзө турган 63төн, 67 миллиард долларга чейинки кирешеси он пайызга төмөндөйт. Аларга Кытай өлкөсүнө кирүү тыюу салынгандыгы түздөн-түз терс таасирин тийгизген. Мисалга, “Apple” компаниясы белгилүү өлчөмдө сааттарын, телефон жана аксессуарларын Кытай өлкөсүндөгү дүкөндөрдө кармачу.

“Huawei” компаниясынын кирешеси 15 пайызга түштү

Кытайдагы эң ири технологиялык “Huawei” компаниясы коранавирустун таасиринен улам абдан эле зыян тартты. Анткени ал ички базар системасын ээлеп алган эле.

2019-жылдын үчүнчү кварталында смартфондор боюнча “Huawei” компаниясы базар системасынын 40 пайызын ээлеп турганга байланыштуу, сатууга андан да көп смартфондорду өндүргөн эле. А бирок алардын баасы 15 пайызга дароо төмөндөгөндүгү айтылат.

Ал арада “Самсунг” компаниясы дагы зыян тартып жаткан кез. Бирок аталган компания “Huawei” компаниясына караганда смартфондорду арзан баада өндүрөт жана базар системасында 31 пайыз смартфондорду ээлеп турат. Алардын кирешеси үч пайызга төмөндөй тургандыгы айтылууда.