"Робомебель" бөлмөнүн кенен болушуна жардам берет

12-Июнь 2017, Дүйшөмбү

2014-жылы Массачусес технология институтунун инженерлери “CityHome” долбоору туурасында кабарлашкан. Ал долбоор көлөмү кичине болгон батирлерди роботтоштурулган эмеректер менен жабдуу болгон. Бул идея — “Ori Systems” чыныгы коммерциялык продукцияга айланып, анда баардык мейкиндикти колдонуу болуп саналган.

Бул системанын борбордук элементи болуп чоң жана “акылдуу” шкаф-трансформер болуп эсептелет. Ал тар бөлмөдө ар түрдүү формага ээ боло алат. Мисалы, тез аранын ичинде уктоочу бөлмөдөн ашканага, конок бөлмө-иш бөлмөсүнө айланат.

“Ori”ни үн менен башкарууга болот. “Echo” смарт-колонкаларына кайрылуу менен колдонуучу “Alexa” жардамчысына керебетти чыгарып же бүтүндөй конструкцияны бөлмөнүн башка бурчуна коюштурууга жардам сурасак болот.

Алдын ала тапшырык боюнча 10 миң доллардан сатылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!