“Facebook” маанайыңызды текшерет

13-Июнь 2017, Шейшемби

“Сезимдерди окуганга программалышкан патент, буга чейин АКШнын Патенттер жана соода маркалары боюнча бюросунда бекитилген”,-деп билдирет "Bird in flight".

Ойлоп табуунун максаты – колдонуучулардын маанайына жараша контент түзүү болуп саналат.

“Патенттин жалпы маалыматында “Facebook” адамдын тармакта отурган учурунда анын психикалык абалын аныктайт”,-деп “DIY Photography” жазган.

Маалыматтарды жыйноо алгоритми жазылган кабарларды өнүктүрүүчү системаларга, ыкмаларга жана түзүлүштөргө байланыштуу. Болжолдуу түрдө колдонуучунун маанайы ал клавиатурада терип жаткан маалда белгилүү болот. Тагыраак айтканда баскычтарды басуусуна байланыштуу аныкталат. Ошол эле учурда басуунун ылдамдыгы, күчү, издөөдөгү негизги сөздөр, тексти форматоо, шрифт жана башка факторлор эске алынат. Адамдын жайгашкан жери да мунөзү үчүн негизги ролду ойнойт.

Чындыгында, система өзү үчүн колдонуучунун келбетин сүрөттөп чыгат. Андан кийин гана анын психикалык абалын, кызыкчылыктарын жана маанайын аныктайт. Ошондо гана колдонуучуга кайсы маалыматты берип, ал эми кайсы маалыматы жашырып коюуну “Facebook” өзү чечет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!