“Huawei” “Honor 9” смартфонуну сунуштады

15-Июнь 2017, Бейшемби

“Huawei” компаниясы Кытайда өткөн көргөзмөдө “Honor 9” смартфондорун сунуштады. Ал буга чейин чыккан “Honor 8” түзүмдөрүнөн айырмаланбайт. Ал дагы капкагынын артында орун алган эки камера, темир корпус, фронталдуу арткы панели айнек менен капталган.

Бирок, “Honor 9” ичинде — таптакыр башка. Аппараттын 5,15-дюймалык экраны 1080p түстүү “DCI-P3” менен жабдылган. “HiSilicon Kirin 960” эң белгилүү процессор, 4 же 6 гигабайт оперативдүү эс тутум жана 64/128 ГБ флеш-топтогучта орун алган. Батареянын сыйымдуулугу— 3100 мА*ч.

Смартфон операциялык система болгон “Android 7.0” (Nougat) менен жеткиликтүү болот. Ошону менен кошумча фирмалык “Huawei EMUI” (5.1 версиясындагы) система да жабдылган. “Honor 9” эки камерасы 12-мегапикселдүү жана 20-мп фотосенсор бар. Ал эми алдынкы бетинде 8-мп "фронталдуу" камерага ээ. Гаджет “4G”-байланыш тармагындагы “VoLTE” менен камсыздалган. Мындан сырткары зымсыз туташкан модулдар болгон “802.11 b/g/n/ac Wi-Fi” жана “Bluetooth”, “GPS” жана “NFC”-чиби менен жабдылган.

“Honor 9” баштапкы баасы 300 доллардан жогору турат. Ал эми көп эс тутумдуу моделдери — 400 доллардан өйдө болот. Качан чыга баштаары дагы белгилене элек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!