“Leica” тез сүрөт чыгарат

17-Июнь 2017, Ишемби

"Leica" жакшы көргөндөр үчүн - компания сүрөттү тез басып чыгаруучу камераны сунуштады.


“Leica Camera” компаниясы пленкадагы сүрөттү тез басып чыгаруучу “Sofort” камерасын чыгарды. Ал “Fujifilm Instax” пленкалары менен иштейт. Бул немец өндүрүчүлөрүнүн эң арзан фотоаппараттарынын бири болуп саналат.


“Leica Sofort” оптикалык видео тапкыч менен жабдылган жана "унаа", "кече", "спорт" жана "макро" сыяктуу режимдерди колдойт. Мындан сырткары эки башка ыкма менен автопортрет жана автоспуск да бар.

“Селфини” сүйүчүлөрү үчүн алдынкы бетинде тик бурчтуу камера каралган. Камерадагы “фокустук аралыкты” түрдүү режимде программалап, кол менен жөнгө салууга мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!