“iPhone 8” кандай болот?

22-Июнь 2017, Бейшемби

« “Sharp” Япон компаниясы “iPhone 8” үчүн “OLED-матрицаларын” чыгарууда. Бул тууралуу фирманын генералдык директору Тай Джен-ву билдирди»,- деп жазат “Mashable”.

“iPhone” эволюцияланып “LTPS” экрандан “OLED”-панелге өтүүдө”,- деди Джен-ву Тайбейдеги Татунг университетиндеги студенттер менен болгон жолугушууда.

Ошону менен бирге ал, “компания үчүн инновациялык товарларды өндүрүү өнүгүүнүн бирден-бир жолу болуп саналат”,- деп кошумчалады.

Мындан тышкары, Джен-ву “Sharp” компаниясы Японияда “OLED”-панелдерин чыгаруучу завод куруп жатканын эскертип өттү.

Ошоной эле башкы директор АКШда да келечекте дисплей чыгаруу тууралуу ойлорун билдирди.

“Эгер биздин негизги кардар АКШга көчүп келүүбүздү талап кылса эмнеге болбосун”,-деди ал өз сөзүндө.

Буга чейин массалык маалымат каражаттарында 2017-жылы “Apple” "iPhone 8”дин үч түрдүү диагоналдуу экрандарын сунуштоодо деп кабарланган. Стандартуу 4,7 жана 5,5 дюйм үлгүдөн сырткары диагоналы 5 дюймалуу смартфон пайда болушу ыктымал. Ошол эле учурда “OLED”-дисплейи улуу муундагы үлгүлөрдө гана болушу мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!