Акылдуу робот "Алекс"

20-01-2017

1980-жылдардагы илимий-фантастикалык фильмдерден чыккан бул кыял Стокгольмда чындыкка айланып отурат. Адамдарга роботтор менен баарлашууга жол берген бул технологияга “Алекс” ысымы ыйгарылып жана ал туура иш аткаруусу үчүн ар бир суроо так берилүүсү керек.

Техникалык сайттын темасы “INGENIOERER”, илимий редактору Томас Джурсинг билдиргендей: " Үн таанып билүү азыркы күндөгү системанын эң чоң ачылышы. Акылдуу куралган жана нейрондун агымдары болгон технология бизди компьютерлер менен сүйлөшүүбүзгө мүмкүнчүлүк түзөт. Мунун ишке ашуусун көптөн бери күтүп келдик, эми ал мүмкүн"- деди ал.

“Алекс” такси чакырып, каалаган музыканы ойноп, жарыкты жандырып жана жакын жактагы ресторанга тапшырык берүүгө жөндөмдүү.

Томас Джурсинг технологиянын негизгисине токтолуп: " Бардыгыбыз суроолорубузга жооп бере ала турган компьютер кыялданабыз, мындан кийин отеллден же болбосо велосипедди ижарага алаарда эч бир кыйынчылыксыз акылдуу роботтордун жардамы менен ишке ашыра алабыз"- деди өз билдирүүсүндө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!