“iPhone”го он жыл

23-Июнь 2017, Жума

Бул жылы эң биринчи чыккан “iPhone”го 10 жыл толду. Буга байланыштуу "Apple" корпорациясы бул смартфондун жасалыш тарыхын ачыкка чыгарууда.

Эң алгачкы “iPhone” "Apple" корпорациясынын негиздөөчүсү Стив Жобсдун "Майкрасофттогу" кызматкерлердин бирин жактырбагандыгынан пайда болгон. Стив Жобс “iPhone”ду азыркы көрүнүшүнөн такыр башкача кылып чыгарууну пландап жүргөн. Анын планында ал “Android”-смартфонуна окшош болмок.

“iPhone” жана “iPad”дын түзүүчүлөрүнүн бири Скотт Форсталл “iPhone”дун чыгышына Стив Жобс менен Майкрасофттун кызматкеринин катуу араздашуусу таасир эткенин корпорация кызматкерлерине айтып берген. Форсталлдын айтымында, ал кызматкер менен Жобс такыр тил табыша алчу эмес. Экөөнүн жубайлары жакын курбулардан болгону үчүн гана сүйлөшүшчү.

"Анткени менен экөөнүн миамилеси кадимки душмандардай эле. Бул кызматкер менен болгон ар бир маектен кийин Жобс ачуулуу жүрчү. Өзгөчө бул кызматкердин "Майкрасофттун" планшеттерине ойлонуп табылган стилустар (калемдер) кенен колдонулары жөнүндө көп айткандыгы жаккан эмес. Анткени Жобс адамдын өзүнүн он манжасы бар экенин, анын бары стилустун кызматын аткара ала турганын, он биринчиси ашыкча болот деген оюн билдирчү. Мындан улам Жобс кол тийгенде эле реакция берген планшеттерди ойлоп чыгарган. Кийин мага бул планшеттин көлөмүн смартфондун көлөмүнө теңеп кичирейтүүнү сунуштаган. Мага бул сунуш албетте жаккан. Ошентип ошол кызматкердин стилусту мактай берүүсүн токтотууну көздөп биринчи “iPhone” чыгарылган", - деп билдирген Форсталл.

Булак: maalymat.kg

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!