"Avis" техникалык тейлөөгө жоопкер

27-Июнь 2017, Шейшемби

“Waymo” компаниясы менен “Avis Budget Group” ижара унааларын тейлөө жана колдоо боюнча келишимге кол коюушту. “Alphabet” өнөктөштүгү "акылдуу" машиналардын техникалык жактан камсыз кылуусуна анын ичинде: мунай майларын алмашуусун, тазалоо жана дөңгөлөктөрдү алмаштыруу үчүн жооптуу болот.

"Гугломобиль" унааларын “Avis” аркылуу ижарага алуу мүмкүн эмес - транспортту “Alphabet” ээлик кылат. “Bloomberg” маалымдагадай, “Alphabet” менен “Avis”тин ортосундагы макулдашуу бир нече жылга макулдашылган. Каржы шарттары берилген эмес.

Келишим “Финикс” (АКШ, Аризона штаты) унааларына гана таандык. Себеби апрель айларында 10 жыл жабык жайлардагы сыноолордон кийин "Google" учкучсуз транспортторуна тестирлөө башталды. Программага катышуу үчүн шаардын ар бир тургуну өз алдынча автономдуу “Chrysler Pacifica” минип акысыз айдап журө алат.

Буга чейин “Alphabet” мурунтан эле коомдук жолдордо "акылдуу" унаалардын башка моделдери сыналган. Бирок бортко отурууга подрядчылар жана компаниянын кызматкерлерине гана мүмкүн болгон. “Финикс”те айдоочунун отургучунда “Wyamo” инженери ээлеп коопсуздукту жөнгө салып турат.

Мобилдик тармактын жардамы менен программанын катышуучулары “келечектин унаалары” каалаган убакта чакырып, шаарыдын ар аймагын кыдыра аласыз. Ошол эле учурда жол кире алынбайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!