"Windows 7"де сүрөттү кантип өзгөртсө болот?

29-Июнь 2017, Бейшемби

1. Пускту басып кирип «regedit» сөзүн теріп, Enter-ди басасыз;

2. Чычкандын оң жак бөлүгүн баскан кезде “HKEY_LOCAL_MACHINE” сөзү чыгат. Ал жерден «издөөнү» тандаңыз;

3. Издөө деген жерге “OEMBackground” сөзүн терип, «андан ары издөө» системасын басыңыз;

4. Чычкандын оң жак капталы менен “OEMBackground” сөзүн тандагандан кийин «Өзгөртүү» терезесиндеги «Мааниси» деген жерден нөлдү бирге алмаштырыңыз;

5. Баардык терезени жаап C:\Windows\System32\oobe кирип, «info» аттуу папка ачып, анын ичине «backgrounds» папкасын ачыңыз;

6. Бул жерге кирип арткы фондун сүрөттүн коёбуз.

Эскертүү: сүреттүн өлчөмү 245kb ашпоосу керек, ал эми сүрөттүн аталышы «backgroundDefault.jpg» деп сакталуусу тийиш.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!