“Google” сизди аңдып жүрөт

5-Июль 2017, Шаршемби

Сиз бул дүйнөдө жашынып өмүр сүрөм деп ойлобоңуз. Анткени, “Google” сизди андып жүрөт. Кантип десеңиз?

Издөө системасы

Сиз издеген ар бир маалыматты негиздеп, “Google” сиздин келбетиңизди өзүнчө кураштырат. Керек болсо тиркелип турган учурда аты-жөнүңүздү, уюлдук телефонуңузду жазбасаңыз да, IP адресиңиз менен геобелгилерге таянып сиз тууралуу маалыматты жыйнап алат. Эске сактаңыз, кандайдыр бир жашыруун долбоорду орнотсоңуз да, ал хакерлерден башка адамдарга гана жашыруун бойдон калат. Ал эми издөөгө «Бакыт деген эмне?» деп жазгандан кийин, «Enter» баскычын баспасаңыз да, “Google” баарибир бул маалыматты тиркеп алат.

Электрондуу почтаңыз

“Gmail” электрондук почтасын колдонсоңуз, ал сиз тууралуу ар бир маалыматты эсине сактап калаарын унутпаңыз. Сизге келген каттардын көчүрмөсүн ар дайым сакталуу болот. «Delete» баскычын басып, “Google” издөө программасын алдадым деп ойлосоңуз, жаңылышасыз – сервердеги маалыматтардын эч кайсысын жоюуга мүмкүн эмес.

Дүйнөлүк желелер

Кандайдыр бир дүйнөлүк желелерге тиркелүү аркылуу, “ Google” сиздин өмүрүңүзгө байланыштуу болот. Ушул ыкманы колдонгон “Facebook” тармагынын өзү “Googlе+”тун жанында артта калат.

YouTube”

“ YouTube” системасын терең казып чыксак анда ал кудукка айланары шексиз. “YouTube” 2006-жылдан баштап “Google” дин мега долбооруна айланган. Сиздин кызыкчылыгыңыз менен иш-аракетиңизди “YouTube” аркылуу көзөмөлдөйт.

“ Google Analytics”

Көптөгөн интернет сайттары жеке сурам-жылоо жүргүзүүлөрүндө “Google”ду пайдаланышат. Сайт окурмандары мындан кабарсыз болушу мүмкүн. Бирок, “Google Analytics” сайтка кирген ар бир адам тууралуу маалыматты заматта жыйнай баштайт. Сиз-кайырмакка илиндиңиз!

“Google AdSense” Веб-сайттардын киреше көзү-жарнамалар. Ал эми жарнамалардын баардыгы бир системага негизделип жасалат. Эгер кызыктырган жарнаманы басып, керектүү гана нерсени кароону кааласаңыз жаңылышасыз.

“Google Street View” жана “Google Maps Google” ар күн сайын дүйнөнүн 48 элине эркин саякат жасап, миңдеген километр жол жүрөт. Албетте жөн гана саякаттап койбой жолунда кездешкен имараттарды жакшылап сүрөткө түшүрөт. “Google Maps” тууралуу өзүңүз жакшы билет чыгарсыз. Ал сиздин “GPS” кошулуу турганда сиздин ордуңуздун координаталарын жазып бере алат.

Ошондуктан мени эч ким байкабайт деп туура эмес аракеттерди жасасаңыз же сүйлөшсөңүз сизге сот залына чакыруу кагазы келиши мүмкүн. Абайлаңыз!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!