5G тез интернет технологиясы

07-02-2017

“5G” технологиясы чыккандан баштап күнүмдүк турмушубузда чоң өзгөрүүлөр пайда болот.

Тайланддын Банкок шаарында ITU (Telecom World) Дүйнөлүк Телеком имаратында өлкөдөгү маанилүү делген жолугушуу болуп өттү. Анда 5G тез интернет технологиясы талкууланды.

Филипп Метзер Шведцария Байланыш Офисинин генералдык директору:"Бул убакыттан тартып дүйнө бири-бири менен тыгыз байланышта болот. Адамдар менен техниканын байланышы күчөйт",- деди.

5G түзүмү туурасында инженерлер, акылга сыйбаган маалыматтарды алууга мүмкүн болоору айтылууда.

Ювенг Чжоу, зымсыз байланыш маркетингинин менеджери:"Колдонуучулар үчүн секундасына 20 ГБ маалымат алууга мүмкүн болмокчу"-деди.

Мобилдик интернет аркылуу азыркы убакта мүмкүн болбогон бир топ иштер бүтөт. Бирок бул технологияда да, кыйынчылыктар келип чыгууда.

2020-жылы 5G технологиясы колдонууга мүмкүн болмокчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!