"Apple”дан айдоочулар үчүн функция

19-Июль 2017, Шаршемби

“Apple” компаниясынын инженерлери жаңы “iOS 11” тиркемесинде унаа айдоочуларын СМС каттарды алмашууну тыюу салган жаңы функциясын ишке кошту.

“iPhone” менен “iPad” ка арналган “iOS 11” тиркемесинде “Унаа айдаган учурда алаксытпоо” (DNDWD) деген функция пайда болот. Адам унаада отурганда функция автоматтык түрдө кошулуп, телефонга келген каттарды көрсөтпөйт. Бирок катты жиберген адамга телефон ээси унаа айдап келе жатканын билдирген кабар жиберилет.

Смартфондун унаада экени “Bluetooth” менен “Wi-Fi” кызматы жана пайдалануучу Доплер эффекти аркылуу аныкталат. Ал эми телефон “Apple CarPlay” аркылуу мультимедиялык тиркемеге кошулуп турса, бул функция автоматтык түрдө кошулбайт. Мындай учурда аны кол менен кошуу керек болот

Жаңы функция “iPhone 5s” смартфондорунан баштап иштей баштайт. “iOS 11”тиркемеси 2017-жылдын күз айында тааныштырылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!