“IPhone 8” смартфону кандай болот?

21-Июль 2017, Жума

“iPhone 8” смартфонунун чыгарылчу күнү жакындаган сайын “iPhone 7”нин баасы түшүп жатат. "Алмафондун" жаңы нускасы элди эмнеси менен таң калтырат?

  • Социалдык тармактарда “IPhone 8”дин сүрөттү да пайда болуп үлгүрдү. Анын эң биринчи өзгөчөлүгү – ийилгич OLED дисплейи.
  • Жаңы “iPhone 8” биринчи үлгүлөрүнө караганда ичке, бирок көлөмү жагынан чоң болот. Тагыраак айтканда, экраны 5,8 дюйм. Дисплейдин рамкасы жок болот.
  • Бардык корпусу айнектен гана турат.
  • Смартфондун эс тутуму 256 ГБка чейин жетет.
  • Телефон кош камералуу болот. 3D камеранын мүмкүндүктөрү пайда болот.
  • Смартфон зымсыз кубат ала алат.
  • Смартфондун суу өткөрбөгөн коргогучу жетинчи үлгүсүнө караганда жакшыртылат.
  • “Applе” компаниясынын инженерлери “Home” баскычы болбойт деп айтышкан эле. 2007-жылдан бери бардык айфондорго өзгөчө роль аткаруучу баскычынын ордуна бардык функцияларды аткара алган сенсорлуу панель орнотулган.
  • Эгер жаңы “iPhone” сенсорлуу панель аркылуу башкарылса, анда “Touch ID” функциясы болбойт деген сөз.
  • Социалдык тармактарда да, колдонуучулардын арасында да “Apple”дин келээрки жаңылыгы тууралуу кызуу талкуулар жана талаштар жүрүп жатат. Аталган “iPhone 8” 2017-жылы жарыкка чыгаары күтүлөт.
  • Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!