“5G” технологиясы: биринчи өлкө Сан-Марино

24-Июль 2017, Дүйшөмбү

Кичинекей республика Сан-Марино дүйнөдө биринчилерден болуп 5G тармагын өлкө ичинде ишке киргизет. Бул тууралуу "Интерфакс -Украина" булагына таянуу менен “Depo.ua” сайты билдирди.

Сан-Марино кийинки муун тармагына 2018-жылдын аягына чейин кирет.

“Италиялык байланыш оператору “Telecom Italia Mobile” (ТИМ) жаңы технологияларды текшерүү үчүн сыноо аянтча катары Сан-Маринону колдонууга ниеттенүүдө”,-деп “Il Sole 24 Ore” булагы жазды.

2017-жыл ичинде “Telecom Italia” Сан-Маринодо “5G” технологиясына өтүү боюнча негизги инфраструктурасын даярдайт.

“Telecom Italia” Милан, Турин шаарларында да тестирлөө өткөрүүдө, бирок Италияга караганда Сан-Маринодо радио жыштыктарды пайдалануу азыраак ченемдик чектөөлөр коюлган, бул компаниянын мүмкүнчүлүктөрүн жайылтууга жакшы өбөлгө түзөт.

ТИМ техникалык директорунун Джованни Феригонун айтымында: “Европа “2G” технологиясын өнүктүрүүдө негизги ролду ойноду, ал эми андан кийин 3G Азия өлкөлөрүнө жана “4G” ны АКШга алдырып жиберген. "5G менен биргеликте стандарттарын түзүү менен Европага лидерликти кайтарып алуубуз керек", - деди ал.

Уюлдук операторлор дүйнө жүзү боюнча 5G технологиясы текшерүшүүдө анын ичинде Россия, Түштүк Корея, Кытай жана АКШнын бир нече компаниялары негизги иш-аракеттерин көрсөтүшкөн.

Еврокомиссиянын берген баасына таянсак, 2016-жылы “5G”ны өнүктүрүү боюнча стратегия жарыялаган, 2025-жылга чейин кийинки муун түйүнүнө өтүүчү экономикалык пайда EUR 113 млрд түзөт. Eвропада аларды объектилерин түзүү үчүн 56 миллиард евро салымын талап кылат жана 2,3 миллион жаңы жумуш орундары менен камсыз кылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!