Космосто “Int-Ball” дрону түшүргөн сүрөттөр

25-Июль 2017, Шейшемби

«Интбол» дронунун жардамы менен Эл аралык космос бекетинде түшүрүлгөн алгачкы кадрлар жарыяланды.

Япондук окумуштуулар бул аппаратты жылдын башында учурушкан эле. Видео камера орнотулган дрон күн чыгыш элинин Цукуба шаарынан башкарылып турду. Негизи сүрөткө же болбосо видеого түшүрүү жумуштары астронавттардын бир аз убакытын алат экен.

Адистедин айтуусу боюнча, “Int-Ball”дын аркасында убакыттын үнөмдөөгө болот. Анын үстүнө окумуштуулар Эл аралык космос бекетиндеги тажрыйбаны дал убактысында байкоо жургүзүүгө мүмкүнчүлүк жаралып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!